Самат Асаналиев. Нарын жергесинде болгон иш чара жонундо эки ооз соз

Саламатсыздарбы!!! Бүгүн, Нарын жергесинде, кыргыз медицинасынын, анын ичинде далилдүү медицинанын локомотивинин бири Бермет Барыктабасова менен жолуктум. Медицинадан тышкары зордук зомбулук, кыйноону алдын алуу жана өлкөнү чырмап алган коррупция менен күрөшүүдө чоң салымын кошкон адам. Профсоюздук уюмдардын ишинин ачыктыгын талап кылып, альтернативдүү профсоюзду түзүүгө да жетишип, бүгүнкү күндө, кыска мөөнөттө көптөгөн иштер жасап жатабыз. Бүгүн эле өз убагында көмүскөдө калган Ысык Ата районунун медицина кызматкерлери пандемия учурундагы компенсацияларын алганга себеп болдук. Эртең, 3-июнда мамлекеттин келечегине кайдыгер эмес адамдар менен маек курууну туура көрдүк, ар бир каалочу үчүн биз ачыкпыз. Дареги жана убактысы 3-июнь, 14.30; Смарт парк.